Эмгектин 1-бөлүгүндө 1920-жылдардын башталышындагы Орто Азиядагы, Кыргызстандагы саясый процесстер топтук күрөштөрдүн, 1922-жылы Кара-Кыргыз Тоолуу облусун, анан ККАОну түзүү аракеттеринин тутумдарынан талданат. 1-бөлүк негизинен профессор Ж.К.Бакашова менен бирге жазылган. 2-бөлүк Кыргыз ССРинин биринчи жетекчилеринин аткарган иштерине арналган. 3-бөлүккө тарых, мамлекеттик тил боюнча макалалар киргизилди. 4-бөлүктө улуттук идея, идеологиянын көйгөйлөрү талданат.