Революцияларды саясий-идеологиялык фанатиктер жаратышат, үзүрлөрүн «келемиштер» көрүшөт. Пассионардуулуктары күчтүү, кайрат-жигерлери шакардай кайнагандар жеңишке жеткенден кийин ашып-ташкан энергияларын кайда жумшаарды билбей, бири-бири менен кармашканга, а түгүл согушканга өтүшөт. Ал тарыхта «революция-өз балдарын өзү жейт» деп аталат. Аны менен алар да «келемиштердин» жаңы тобуна, толкунуна жол ачып беришип, өздөрү трагедиялык фигураларга айланышат. Өзүңүздөр карап көрүңүздөр,1920-жылдары РСДРП (б) БКны жетектегендердин, Саясий Бюрого киргендердин канчасы 1940-жылдарга жетти? Убагында өзүн чыныгы кедей кембагалдардан чыккан большевик деп эсептеген, бийликтеги жана эл арасындагы таасири атаандаштырыныкынан кыйла жогору болгон Р. Худайкуловдон, Д. Бабахановдон эмне калды? Кыргыз мамлекеттигин кайра жаратуунун идеологдору А. Сыдыков, Э. Арабаев, Ж. Абдрахманов ж. б. көз карандысыздыктан кийин гана тарыхыбыздан өз ордуларын табышты. Алардын кеч кайрылып келишине кимдер күнөкөр, кимдер себепкер?
И. Сталинди же Н. И. Ежовду, Г. И. Ягоданы кээде жыйындарда, чогулуштарда же маалымат каражаттары аркылуу айрымдарынын аты-жөндөрүн эле чала-бучук угуп калышпаса, Кыргызстанда кандай жетекчилер же саясатчылар бар экени кызыктырган деле эмес. Алардын репрессиялык режимди, наны түзгөнү чындык. Бирок, ал машинаны иштетип, арааны чоң тегирменге айландырып, бири-бирин анын чанагына түрткөндөр Кыргызстанда жашап, иштегендер өздөрү болушкан.
Ч. Айтматовдун белгилүү драмасындагы акын Сабыр:
Кызыл кыргын, кара сүргүн чоң согуш-
Жанын кыйды миңдеп, сандап жарандар.
Кең казылган бир мүрзөнүн ичинде
Катар жатат жакшы менен жамандар.
– — – — – — – — – — – — – — – — – — —
Үйдө ыйлатып эне менен атаны,
Өлгөндөрдүн кимге убалы, азабы?
Өз да, жат да катар жатат жер тиштеп,
Бүткөн өңдүү тирүүлөрдүн чатагы (1:53).
– деп жазгандай, кандай революция болбосун ал биринчи кезекте, адамдардын жай турмуштарынын быт-чытын чыгарып, тагдырларын куюндай сапырып, элдерди, топторду гана эмес, досторду, а түгүл М. Шолоховдун «Кал» деген аңгемесиндегидей, ата менен баланы касташтырган оор трагедия, ал эми философиялык жактан нигилизмдин эң төмөнкү чеги болуп саналат. «Земной дух человечества, пошедшего по пути змия, загипнотизировал человека заманчивой идеей прогресса и грядущего в конце прогресса земного рая, и так обольщен был человек, что не заметил безумия своего служения прогрессу и своего подчинения счастливцам грядущего рая, -деп жазган Октябрь төңкөрүшүн кабыл албаган философ. Прогресс цветет на кладбище, и вся культура совершенствующегося человечества отравлена трупным ядом. Все цветы жизни-кладбищенские цветы» (2:123).
Биз мында бири-Кыргызстанга белгилүү, ысмы совет бийлигин орнотуу процесси менен биротоло ассоциялашып калса, экинчиси, аймактагыларга мурдатан таанымал, совет бийлигин аны менен бирге ошондой деңгээлде коргоп жүрүп, кийин түшүнүксүз себептер менен аны менен тил табыша албай, эки жээкте калган эки кызыл командир жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Анын биринчиси, Арстаналы Осмонбеков, экинчиси- Алишер Молдокеев болуп саналат.
Арстанаалы Осмонбеков
Бул ысым бизге мектеп партасынан тааныш, жергебизде совет бийлигин коргоого келгенде анын аты айтылбай койбойт. Ал жөнүндө фундаменталдуу тарыхый эмгектерде, монографияларда жана диссертацияларда дайыма айтылып келет. «Наиболее значительную роль в разгроме басмачества сыграли интернациональный кавалерийский полк под командаванием Э. Ф. Кужело и ряд киргизских добровольческих боевых отрядов, которыми командавали А. Осмонбеков, К. Камчыбеков, С. Кучуков и другие» (3:197) деп айтылат советтик Кыргызстандын башкы тарыхый эмгегинде. Чындыгында Наманган уездинде гана эмес, белгилүү деңгээлде Фергана өрөөнүндө совет бийлигин орнотуп, басмачылык кыймылды талкалоодо тарыхка кыргыз кызыл атчандар дивизиону деген ат менен кирип калган жоокерлердин ролу чоң болгон. Алардын бир бөлүгү ири басмачылык бөлүктөрдү жетектешкен Калкожо, Рахманкул, Көр Шермат, Эргеш сыяктуу корбашыларды талкалоого да катышкан.
Бийлик органдарынан кепилденген жабдуу болбогондуктан А. Осмонбековдун дивизиону орус казактардын станицалык тибинде түзүлгөн. Алсак, орус-казактарда ар станицанын атаманы, ага караштуу аскердик отряды болгонун, жай учурларда алар чарбалык иштер менен алек болушса, коркунуч жаралганда же чакырык келгенде куралдарын ала коюп, ат жабдыктары менен согушка же жүрүшкө даяр тизиле калышкандай, А. Осмонбековдун жоокерлери да негизинен жер-жерлерде өзүн өзү коргоо отряддарынын милдетин аткарышып, команда болгондо тийиштүү жерге чогула калып турушкан. Антпесе 500—600 жоокерди ат-көлүктөрү менен бир жерде туруктуу кармоого жөн эле мүмкүнчүлүк жетишпеген. Алсак, А. Молдокеевдин отряды- Сыны-Кара-Жыгачта, А. Кабаевдики- Авлетимде, С. Айтиевдики- Кербенде, Д. Эсенгелдиевдики- такай Кетмен-Төбөдө, ал эми А. Осмонбековдун өзүнүн негизги отряды- Ак-Сууда турган. Коргонуудан сырткары элден алык-салыктарды чогултуу милдетин да аткарышкан. Алардан сырткары жер-жерлерде милициялардын бөлүмдөрү, партиялык, советтик жана комсомолдук активдер да болгон, согуш учурунда алар да дивизиондун командирине баш ийишкен. Алсак, 1921-жылы А. Осмонбеков Кетмен-Төбөдө милициянын -100 адамдан турган, Багыштарда-60, Майлы-Сайда -50 адамдан турган отряддарын түзгөн (4:38). Андай отряддар Ала-Бука, Чаткал, Таш-Көмүр, Нанай, Чартак, Бышкараң, Жаңы-Коргон, Иринжит, Малкалды, Тегене, Заркенд сыяктуу элдүү пункттарда да болгон. Майда басмачылык топтордун, каракчылардын жер-жерлердеги отряддар эле миздерин кайтарып, талкалап турушкан. Маселен, С. Айтиевдин 82 адамдан турган отряды 1921-жылы адегенде Орто-Токойдо Жакыпбек менен Акматбектин басмачыларын талкалап, андан аман калгандары Арзымат корбашыга барып кошулганда алардын көбүн жок кылып качууга аргасыз кылган (4:38). Баяс, Султан сыяктуу жигиттеринин сандары миңди чамалаган, кээде андан да ашкан корбашыларга каршы согушка чыкканда отряддардын көбү чогултулган, анда да элди, партиялык, советтик органдарды каракчылардан, басмачылык майда топтордон коргоо үчүн жер-жерлерге аскерлер калтырылган. Аман палвандын басмачылары эң көбөйгөн учурларда 500—600гө жеткен, бирок көбүнчө 200—300дөн ашкан эмес.
Биз мында сөздү А. Осмонбековдун дивизионунун түзүмдүк өзгөчөлүктөрүнөн баштагандыгыбыздын себеби, айрым адабияттарда ал регулярдуу армиянын бир бөлүгүндөй сыпатталып, окурмандарды адаштырып келатат. Дивизиону жалаң ыктыярлуулардан гана түзүлүп, куралдарын гана уезддик органдар бербесе, калганы толугу менен ыктыярдуулар, жергиликтүү эл тарабынан жабдылган кошуун болгон. Анын командалык курамын негизинен бийлердин, болуштардын, байлардын балдары түзгөн. Ал убакта кыргыздарда таптык сезим, таптык күрөш деген түшүнүк болгон эмес, эл уруулук-уруктук системада жана психологияда жашаган, же байлардын, бийлердин балдары өздөрүнүн аталарынын достору, жакындары, алардын балдары менен согушкан. Кедейлерден чыккан Аман палван сыяктуу корбашылар- кедей кызыл аскерлерге, Даңканай Эсенгелдиев сыяктуу кембагалдардан чыккан кызыл командирлер- кедей басмачыларды аяган эмес. Же Кыргызстандагы совет бийлигин коргоону жетектегендердин иштери көп жагынан Россиядагы 1825-жылдагы декабристтердин иш аракеттерине окшошуп кетет. Декабристтердин жетекчилеринин баардыгы дворяндар болушкан, алар самодержавиени кулатып, крепостнойлук укукту жоюу үчүн көтөрүлүш жасашса, тарыхтын парадоксу мында, аларды атып, талкалап, камагандар алар эркиндикке чыгарабыз деген эзилгендердин балдары болушкан.
А. Осмонбеков 1885-жылы азыркы Аксы районунун Тегене айылында аймакка гана эмес, Наманган уездине, Кетмен-Төбө, Таласка таанылган болуштун үй-бүлөсүндө туулган. Осмонбек Жангарач байдын карыганда токолунан көргөн кенже уулу болгон. Атасынан 8—9 жашында калып, энелери бөлөк агалары батырбагандан кийин Тогуз-Торого тагаларыныкына кетип, энеси өлүп, ал жакка да батпагандан кийин кайра Тегенеге келет. Адегенде аталаш агалары малай катары жумшап жүрүшөт. Бирок, бышыктыгынан, өзгөчө төрөлөрдүн көздөрүнүн актары менен тең айланып, үзүлүп түшө кызмат кылгандыгынан улам тез эле көзгө көрүнүп, адегенде айылга ыстарчын болуп дайындалат. Анан бир нече ирет болуш болуп шайланат. Аймактагы атактуу байлардын бирине айланат. Падышага ак кызмат кылганы үчүн эполеттүү чепкен, Романовдордун династиясынын 300 жылдыгы белгиленгенде юбилейлик медаль менен сыйланып, карыганда болуштугун тун уулу Жуманалыга өткөрүп, ажыга барып келет (5:231). Баласы Арстаналы падышалык бийликтин өкүлдөрү менен кагыша кеткенде «ал менин да тилимди албайт. Мен анын балалыгынан кечтим» деген мааниде билдирүү жарыялатып, ал эми 1916-жылы оорукта иштөөгө жөнөтүлө тургандардын катарына Арстаналыны биринчилерден кылып жаздырганын анын бийлик алдындагы мына ушундай «элпектиги» менен түшүндүрүлөт.
Ошол убакта болуштун үйүнө уезддик, облустук борборлордон ар кандай улуттардагы- жер ченегичтер, эсеп жүргүзгүчтөр, салык чогулткучтар, геологиялык чалгындоочулар көп келишчү экен. Алар Арстаналынын тирикарактыгын байкап, окутууга кеңеш беришет. Чоңдордун сөзүн эки кылбаган болуш аны орус-тузем мектебине (бир булакта Наманган, экинчи булакта Нанай) жөнөтөт. Ал атасынын Сейит Капсаламов казак деген таанышынын үйүндө жүрүп мектепте жакшы окуйт, анын баласы Шаймардан менен дос болуп кетет, ал кийин совет бийлиги орногондо ТүркБАКта иштеген. А. Осмонбеков кыргызча, орусча, арабча катасыз жазганды үйрөнөт. Бирок, жүрүм-туруму оруска окшоп баратканын көргөн молдолор, байлар «дагы окута берсең Арстаналың биротоло орус болуп кетет» деп айта беришкенден улам болуш баласын мектептен чыгарып алат. А. Осмонбековго ошондон баштап «Арстаналы орус» деген кличка биротоло жабышат. Арстаналы мектепте окуп жүргөндө дарыгерликти да үйрөнөт. Анын үйүнөн ысытма, баш ооруу, сасык тумоо сыяктуу дарттарга каршы дары-дармектер үзүлбөгөн. Наманганга барган сайын гезит-журналдар, китептер менен кошо жаңы дары-дармектерди сатып алып, үй-бүлөлүк «аптечкасын» толуктап, кайрылгандарга берип, кеп-кеңешин айтып да турган. Ал патефонду да биринчи болуп алып келип, «Арстаналынын кишиче сүйлөгөн сандыгы бар» дедиртип элди таң калтырат.
Ал 1907-жылы Субан болуштун Уулкан деген кызына үйлөнүп, атасынан бөлүнүп чыгат. Ал саясатка, дүйнөдө болуп жаткандарга кызыккан. 1914-жылы пристав капитан Марковдун былык-чылык иштери, паракорлугу жөнүндө бийликке арыз жазат. Аны текшергендер күнөө приставда эмес, арыз жазгандын өзүндө, ал элди падышалык бийликке каршы козутуп жатат деген жыйынтык чыгарышып, аны жазалашканда Осмонбек болуш коркуп кетип, облустук гезитке жогоруда айтылгандай билдирүү жарыялатат.
1916-жылы Арстаналынын оорукта иштөөчүлөрдүн тизмесине биринчилерден киргизилүүсүнө пристав Марков демилгечи болсо, атасы аны дароо колдогон. А. Осмонбеков Белоруссиядагы ооруктук иштерге барат, орус тилин жакшы билгендиктен тез эле революциялык маанайда жүргөн башка улуттардын өкүлдөрү менен тил табышып, алардан кыргыздардын арасында саясий иштерди жүргүзүү жөнүндө тапшырма алып, аны аткарып жүрөт. 1917-жылы аны билип калган Захаров деген жетекчиси «большевиктердин идеяларын таркатканы үчүн Осмонбековду камакка алгыла» деген чечим чыгарат. Ага өчөшкөн Арстаналы: Захаров жумушчуларды урат, кордойт, кир жуушса да, кат жазышса да ал үчүн акча алат ж. б. деп жогор жактагыларга арыз жазат. Анын арызынын негизинде Захаровго карата тергөө иштери башталып, жумушчулардын арасында аброю кескин жогорулайт.
А. Осмонбеков 1918-жылы жазында Тегенеге кайтып келген. Ал убакта эл түгүл, аны башкаргандар да эч нерсени түшүнүшпөй, бири басмачыларга кошулса, экинчилери А. Молдокеевге окшогондорду ээрчип, «кимди ким көрдү, Быржыбайды тамы басты» дегендей башаламандык өкүм сүрүп турган. Ал адегенде өз алдынча коргонуу отрядын түзүүгө аракет кылат, бирок ал үчүн уезддик же облустук бийликтен уруксат, курал-жарак алуу керек болгон. Алар 1920-жылга чейин ага өз алдынча отряд түзүүгө уруксат беришкен эмес. Ошондуктан ал 1918-жылдын аягында Успеновка кыштагындагы Николай Пивоваровдун коргонуучу отрядына келип кошулат. Ал жергиликтүү негизинен украин улутундагылардан өздөрүн өздөрү коргоо максатында түзүлгөн. Анын келгенин уккан Аман палван басмачылары менен эки жолу Тегенени чаап, атасын баш кылып туугандарын «Арстаналы орусту тапкыла» деп сабап, колго илингендердин баарын талап кетет. Ал окуяларга өзү күбө болгон Темиркул Үмөталиев Осмонбек болуш сабалып жаткандагыны төмөнкүдөй сүрөттөгөн: «Эки колун эки жакка сундуруп, эки жигит басып отурушту. Бир жигит камчы менен эки далынын ортосуна, май куйрукка чыпылдатып сабады.
– Өлтүргүлө! Кыйнабай эле атып салгыла мени. Баары бир эч нерсе айтпайм силерге. Жетимиш алтыга чыктым. Эми канча жашамак элем. Атып сал мени! О, каракчы! Зоңкойгон акмак! Менин он уулум, беш кызым, жүзгө жакын небере-чөбүрөм бар. Жармысын өлтүрсөң, жармысы калат. Бири тирүү калганда да сенден өч алат. Уктуңбу, башы жок келесоо? -деди Осмонбек тилин тартпай.
Ажынын үнүн угуп анын энелеш иниси Үмөталы Кекиртектин тун уулу Өмүралы жүгүрүп жетип.
– Бул эмне деген салтта жок жырткычтык? Пайгамбар жашынан эчак өткөн карыяны да урабы? Бир да хан мындай иш кылган эмес – деп кыйкырды.
– Ушул жигит туура айтат, -деди Аман. – Осмонбекти тургузгула да, анын ордуна ушул баатырды жаткыргыла. Салт бузулбасын.
Буйрук дароо орундалды. Бири чарчаганда, бири сабап жатып, анан бир кезде өлүктү эки жигит айылдан обочо сүйрөп барып ташташты. Кагелес бойлуу, кара тору, кара каш, кер мурут, бир көргөн кызды менин жарым болсо дедирген Өмүралы боз улан бойдон таяктын уусуна чыдабай көз жумду, кырчынында кыйылды да калды» (5:224).
1919-жылы жазында А. Осмонбеков Скобелев (Фергана) шаарына келип, экинчи ирет өзүнчө отряд түзүүгө уруксат сурайт, бирок анын өтүнүчүн колдобой Фергана аскер гарнизонунун командири М. Ф. Сафоновдун отрядына тилмеч-жол көрсөткүч кылып дайындашат. Облустук бийликтин чоочулаганын түшүнсө болот, анткени ал убакта аймакта эсерлер үстөмдүк кылып, кимдин ким экенин билбеген, баш аламандык өкүм сүргөн убак болгон. Ал М. В. Сафоновдун отряды менен Ош, Анжиан, Фергана шаарларын коргоого, Мадамин бекке, Калкожо, Эргеш сыяктуу корбашылардын басмачыларына, совет бийлигин тааныгылары келбеген, ак аскерлердин генерал, офицерлеринен куралган Монстровдун отрядына каршы согуштарга катышып, тез эле эр жүрөк мыкты аткыч катары таанылат.
1920-жылы март айында өз алдынча коргонуу отрядын түзүүгө уруксат берүү тууралуу ТүркБАКка арыз жазат. Апрель айында А. Осмонбеков Ташкентке барып, жергиликтүү кыргыздардан ыктыярдуу отрядды түзүүгө уруксат алып келет, бирок ал 1920-жылы 25-майда М. В. Фрунзе тарабынан Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн түзүү чечим кабыл алынгандан кийин толук ишке ашкан. Ал Наманган уездиндеги айыл-кыштактарды түрө кыдыра, мылтык кармаганга жарактууларды ыктыярдуу отрядга кошулууга үндөгөнгө өтөт. Жакындарын бай-кедейине карабай отрядына айдап киргизет. Анын чакырыгын элдин басымдуу көпчүлүгү колдойт. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн эле 1, 5 миңге жакын адам отрядга кирүүгө макулдугун беришкен. Бирок, өзүнүн маузеринен башка эч нерсеси жок болсо, анча адамга ат-көлүктөрдү, курал-жарактарды кайдан тапмак? Алардын көпчүлүгүнөн жергиликтүү милицияларды түзүп, айылдарында калтырган.
Андан көп өтпөй ал жыйырма жигит менен Наманганга келип курал-жарактарды алып кетет. Ошол күн ал үчүн майрам болот. Намангандан жогорудагы Жал-Абакан тоосуна өргүшүп, туш-тараптарга кабарчыларды чаптырышат. Асанбек Кабаев, Сулайман Айтиев, Алмамат Субанов, Мамытбек Шадыканов баштаган 70тей адам келишип, алар ошол замат Наманганга курал алганы жөнөшөт.
Ю. Осмонбеков, Ж. Асанкулов, С. Наматбаев, Ж. Таштемиров сыяктуу ж. б. китептеринде андан мурда коргонуу отрядын түзгөн, басмачыларды жок кылууга андан кем эмес салым кошкон Алишер Молдокеев жөнүндө бир да сөз айтылбаган, ал түшүнүктүү, анткени ал кезде ал «басмачыларга кошулган» деген жалаада жүргөн, бирок көз карандысыздыктан кийин чыккан айрым эмгектерде да А. Молдокеев жөнүндө эч нерсе айтылбай, мурдагы клишелердин эле кайталанып жатканы обьективдүү чындыкка да, илимийлүүккө да ылайык келбейт. Илимдин бир эле максаты бар, ал – чындыкты аныктоо. Чындыкты издебеген илимдин эч кимге кереги жок.
А. Осмонбековдун отрядына комиссарлыкка Л. Д. Борисов, штабынын жетекчилигине Соловьев дайындалып, партиялык уюмуна Ж. Дүйшөбаев шайланат. Жаңыдан 23 адам коммунисттикке кабыл алынып, отряд укуктук жактан толук легитимдештирилет. Ошол жылы жайда, күздө А. Осмонбековдун уюштуруусу менен Врангелге каршы согушууга кыргыздардан 474 адам жөнөтүлөт. Отряд 1921-жылы М. Фрунзенин буйругу менен Алайга корбашы Нурматтын басмачыларын талкалоого жөнөтүлүп, талкалангандарынан калгандарын Гармга чейин кууп барышат. Анын мындай иши М. Фрунзенин 1921-жылдын 21-июнундагы буйругунда «Айрыкча кыргыз атчандар дивизиону шамдагайлыгы, бирдиктүүлүгү, темирдей катуу тартиптүүлүгү менен айрымаланган, ошондой эле ишеничтүү бөлүк болгон. Дивизиондун мындай ардактуу кызматын эл эч качан унутпайт» (4:35) деп белгиленген.
Отряд 1921-1922-жылдарда Калыбай, Аман палван, Турмат, Рахманкул, Дадабай, Жакыпбек, Султан сыяктуу корбашылардын алды 100дөн 600гө чейинки басмачыларын талкалоодо негизги ролду ойнойт. Калыбай корбашы өзүн лашкер башы деп жарыялап алып, Наманган уездинин аймагындагы басмачылардын майда топторун баш ийдирген Аман палвандын бир тууган кайнагасы болгон. Ал Аксынын Аркыт-Кара-Суу аймагында ТүркБАКтын уезддеги өкүлү, А. Осмонбековдун досу Шаймерден Капсаламовду колго түшүрүп кыйнап өлтүргөн. Ал аябагандай куу, жердин ыгын жакшы билген тобокелчил адам болгондуктан отряд анын басмачыларын бир нече ирет талкалаган менен өзү качып кутулуп, кайра жаңы топторду түзүп талоончулугун уланта берген. Акыры аны Таш-Көмүр менен Кара-Көлдүн ортосундагы сайга камап, басмачыларынын көбүн жок кылганда аман калгандары корбашысы менен бирге дарыяга чөгүп өлүшкөн.
Андагы ролу эске алынып отрядга 1922-жылы мартта өзүнчө кыргыз атчандар дивизиону деген ат берилет. Андан кийин Намангандагы, Маргалаңдагы, Кокон жана Анжиандагы басмачыларды жок кылууга катышат. Наманган уезди басмачылардан толугу менен тазаланат. Мына ушулардын негизинде ВЦИК 1923-жылы августта А. Осмонбековду баш кылып дивизиондун 11 жоокерин Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйлоо жөнүндө чечим чыгарат. Алар мындай жогорку сыйлыкты алган биринчи кыргыздар. А. Осмонбековдун орденинин катар номери- №14787. А. Осмонбеков облустук аскердик штабдын тапшырмасынын негизинде Ферганада саясий, үгүттүк иштерди да жүргүзгөн. Штабдын чечими менен дивизионго эч норма менен чектелбеген жок кылуучу (истребительный) отряд деген ыйгарым берилген.
Дивизион Ашыр паңсат, Турдубай, Бурулбай, Карабай корбашыларды талкалап, Ярматты 360 жигити менен колго түшүрөт. Аскердик жетекчиликтин 1924-жылдын 21- февралындагы №363-буйругунда Киркавдивизиондун Фергана облусунда басмачыларды жоюу иштерин мыкты аткарганы белгиленет (4:50).
Жыйынтыктап айтканда, дивизион аймакта советтик бийликти коргоп, бекемдеп, элибиздин мамлекеттигибизди кайра жаратууга киришүүсүнө жол ачууга аябагандай чоң салым кошкон. 1922-жылы Тоолуу кыргыз облусун түзүү жөнүндө демилге көтөрүлүп, чек араларын аныктап, картасын чийүүгө келгенде республикабыздын түштүк аймагы «басмачылык согуштун күчөп тургандыгына байланыштуу кийин каралсын» деген шылтоо менен тоолуу облустун карамагына кошулган эмес. Эгерде аймакта 1923-жылдын аягына карата басмачыларды талкалоо толугу менен аяктабаса, мүмкүн, түштүктүн айрым жерлери ККАОнун курамына да кирбей калмак.
«Эркин Тоо» гезитинин 2-санына «Фаргана басмачыларын жоюу жолунда кыргыздар» деген макала жарыяланып, анда А. Осмонбековдун Күжүрмөн Кызыл Туу орденин тагынып түшкөн сүрөтү берилген. Анда: «Кыргыздар ичинен чыккан аскерлер башчысы Арстанаалы Осмонбек уулу үч жыл тынбастан басмачылар менен күрөшкөндөрүнүн аркасында баштарынан нечен кыйынчылык күндөрдү өткөздү. Бүтүн Наманган үйөзүндөгү хам Маргалан үйөзүндөгү басмачыларды жок кылды. Басмачылар менен күрөшүү жолунда Фаргана кыргыздары экинин бири болду, деп айтсак калпычы болбойбуз.
Арстанаалы Осмонбек уулу басмачы согушунда баатырлык көрсөткөн» (6). Биз мында гезитте кандай жазылса, стилистикалык, грамматикалык жактан ошондой келтирдик. Мындан эки уезддин аймагындагы басмачыларды талкалоодо кыргыз кызыл атчандар дивизионунун жоокерлери негизги ролду ойногону ырасталган.
А. Осмонбековдун жак дегенин бербеген көктүгү, өжөрдүгү менен бирге жөндүү сөздү моюндап, душмандарына ырайым кыла билген сапаттары да болгон. Ал Чаткалдан келе жатканда Барпыбай деген корбашынын он беш жигити менен Кербендеги бирөөнүн үйүндө бекинип жатканын угуп, түндө келип анын короосун курчоого алдырып, басмачыларга куралдарын таштап бирден чыгуу жөнүндө буйрук берет. Басмачылардын баары байлангандан кийин Даңканай: Буларды эмне кылабыз? -десе, А. Осмонбеков: Буларды кайда алып бармак элек. Мылтык атып, элди чоочутпастан баарын кылычтап салгыла, – деп буйруйт. Аны уккан, мурда басмачылардын арасында жүрсө, кийин кызылдарга кошулган Коргоол акын атынан кулап түшүп, Арстаналынын бутун кучактап калат.
– Айланайын, Арстаке! Бул иттин тогуз баласы бар. Баары жөжөлөрдөй жаш. Аман ууру аны зордоп кошуп алып, бир тобуна башчы кылып коюп, корбашы атыгып кеткен. Өзү бай деле эмес. Ырайым кыл (5:224).
Көрсө, Коргоол ырчы бир убакта анын тобунда жүргөн экен.
– Тогуз балаң үчүн кашык каныңды кечтим, -дейт анда Арстаналы. Мындан ары үйүңдөн чыкпай балдарыңды бак. Экинчи ырайым болбойт.
Ошентип А. Осмонбеков басмачылардын курал-жарактарын, аттарын тартып алып, Коргоолдун өтүнүчү менен өздөрүн үйлөрүнө коё берет.
Аман палван элден талаган үч миңден ашык койду, үч жүздөй жылкыны, жүздөй бодо малды чарбакери Назаралы баштаган ончакты басмачысына караткан. Алары улам жер алмаштырып, жашырынып көчүп конуп жүрүшөт. Алар Бозбунун этегиндеги Чер деп аталган бадалдуу токойдо бугуп жатышканын билип, А. Осмонбеков айлуу түндө элүү жоокери менен барып, баарын колго түшүрүп, малдарын ээлерине таркаттырып, Назаралыны баш кылып эл «булар басмачы» деп тааныган үчөөсүн айылдын маңдайына алып чыгып аттырып, калгандарын коё бердиртет (5:227).
Эл акыны Темиркул Үмөталиев Арстаналы Осмонбеков менен аралаш жүргөн. Ал Ак-Суудагы өзү салдырган мектепте Т. Үмөталиев окуп жүргөндө тез-тез келип, балдар, мугалимдер менен сүйлөшүп, жатак мектептин тамак-аштарынын сапатын текшерип, кээде өтүгүн чечип таштап, жылаңайлак болуп алып, курулушчуларга кошулуп иштешип турган. Ал убакта Темикебыз жатак мектептин комсомол уюмунун катчысы болгон. Бир күнү аскердик сепилдин айланасына койлор батпай кеткенин көрүшөт. Бир аздан кийин Ак-Кыядан атчан он чакты аял-эркек чубап түшүп, сепилге киришет. Мугалимдер чогулушуп, Арстаналы Жабар деген чоң кызын, Иринжиттеги Чыныбек болуштун баласына бергени жатыптыр, булар анын калыңына берилген койлор дегенди угуп, өзү кызыңарды каалагандарына гана бергиле, калыңга сатпагыла деп күндө бизге акыл айтып, өзүнүн кылганы ушубу деп ачуусу келет. Ал жердеги кычыткы чоңко сымалдар сен комсомолдордун чоңусуң, бул эмне кылганыңыз? – деп сурап көрбөйсүңбү деп кычаштырып да коюшат. Алды-артын карабаган Темикебиз: «Арстаке! Өзүңүз кызды калыңга саткан кылмыш болот дейсиз. Элди жаңы тартиптерге үйрөтүү комсомолдун милдети дебедиңиз беле. Сизге каршы биз эч нерсе иштей албасак да, Жабар менен Акматбекти комсомол чогулушуна коюп, талкуулайбыз. Өздөрү комсомол мүчөлөрү боло туруп, мындай эски адатка каршылык көрсөтө алышпаганы үчүн уулуңузду да, кызыңызды да комсомолдун катарынан чыгарабыз». -деп кат жазып, Арстаналынын өзүнө бергин деп Жумабеков деген баладан берип жиберет. Ал бала катты Арстаналы өзү окуп, анан «ичиңден оку» деп аялына берди деп айтып келет. Анын тун уулу Акматбек ошол убакта Ташкентте окучу экен.
Бешим ченде Арстаналынын аялы Уулкан келип; «жанагы жетимди таап бергиле. Битинен арылтып, кийиндирип-ичиндирип койсо, кутура баштаган экен. Томаяктын кылары ушул. Аны мынабу алмурутка тирсегинен астырам» деп жаалданып, бекинип калган Т. Үмөталиевди таппай кетет. Аны мектептин директору алдап-соолап араң жолго салат. Анан Т. Үмөталиевди чакырып, сага ага тийишкенди ким койду экен. Жини келсе, басмачылардын куйругу деп аттырып салса, биз эмне кылабыз, – деп кейийт. Күн батарда ошол учурда үйүндө жүргөн Акматбек келип, айылдагыларды топтоп, комсомол чогулушун өткөрүп, бузукулук кылганы үчүн Үмөталиевди комсомолдон гана эмес, интернаттан да чыгарып, кийимдерин чечтирип алуу жөнүндө маселе коёт. Аны укканда коркконун да унуткан Темиркул: Сенин бул чогулушуң мыйзамсыз. Сенин чогулуш өткөргөнгө акың да жок. Бул жерде отургандардын көбү комсомол деле эмес. Билетти сенден эмес, райкомдон алганмын. Бул комсомолдордун чогулушу эмес, келгендердин баары тарасын! – деп кыйкырат.
Эртеси ат бастыра Арстаналы өзү келет. Темиркул үчүн андан директор кечирим сурай баштайт. Ал Темиркулду чакыртып, эч нерсе болбогондой жайдары учурашып: «Мындай жүрчү, жетимче, тууганча сүйлөшүп алалы» деп четке алып чыгып:
– Кечээ жеңең келип, сени болбогон сөздөр менен каргап-шилептир. Катын да. Ага капа болбо, айланайын. Баарын туура жазыптырсың. Иш мындай. Баяс корбашыдан түшүрүп алган Айкашка деген күлүгүм бар экенин сен өзүң деле билесиң. Миң койго сатпай жүргөм. Наманганда бирөөнүн үйүндө ичип отуруп, кызып калган кезде Чыныбек: «Дос бололу, Айкашканы мага бер» десе, «ал» деп коюпмун. Чыныбек атты алып кеткен бойдон дайынсыз жоголду. Ичим күйүп калды. Жакында Намангандан жолукканда: сенде уул, менде кыз бар, достугубуз бекем болсун үчүн кудалашалы, – дегем. Жанагылар Жабарга сөйкө салганы келишиптир. Бергендеринин баарын алдым, дагы алам. Айкашканын куну бүткөн кезде; «заман ушундай, балдар өздөрү чечишсе гана той кылабыз деп коём». Жабар Чыныбектин келесоо баласына барбайт. Анда мага келип айтсаң, өлгөнүм ошол болот, -дейт. Анан ал Темиркулду кечинде үйүнө чакырып коноктоп, экөөсү Келдейден тарагандардан экенин айтып, бир сыйра үстүн жаңыртып чыгарат (5:234—239).
Чын эле Жабары Чыныбектин баласына барбастан Фрунзеде окуп жүргөндө Кочкорлук бирөөгө ыктыяры менен тийип кеткен.
Арстаналы Осмонбековдун баланын да жөндүү сөзүн угуп, анын көңүлүн да калтырбаган ийкемдүүлүгү да болгон. Жалал-Абадка окууга жөнөгөндө акча таппай, ал А. Осмонбековго дагы барат. Ал директорго: «Шекинин коргонунда жаңактар төгүлүп жатат. Балдарды уюштуруп тердирип, акчасын Темиркулга бергин» деген кат жазып берет. Мектептин балдары эки күн терген жаңактын 147 сом 50 тыйынын алып Т. Үмөталиев окууга жөнөйт. Ал убакта бир койдун баасы 2—3 сомдон ашкан эмес.
Айрымдар Ак-Суудагы А. Осмонбеков салдырган жатак мектеп жөнүндө сөз болгондо Жоомарт Бөкөнбаев да ошерде окуган деп жазып жүрүшөт. Ал жаңылыштык, Ж. Бөкөнбаев Көк-Арттагы жатак мектепте окуган, убагында ал жерде С. Качыкеев мугалим болгон. Улуттук адабиятыбыздын эки классиги С. Качыкеев аркылуу таанышышкан.
А. Осмонбеков Ак-Сууга аскерлер коргоно турган сепил, мектеп салдырат. Анда интернат уюштурат. 1923-жылы ага уу да беришкен, бирок жанындагы орус врач квалификациялуу тез жардам көрсөткөндүктөн аман калган. Жергиликтүү советке депутат, анан ККАОнун биринчи Уюштуруу Курултайына өкүл болуп, анын президиумуна шайланат. Же ал совет бийлигин коргоого гана эмес, Кара-Кыргыз Автономдуу облусунун түзүүгө да катышкан. Жамаатташтыруу башталганда 18 үй-бүлөдөн коммуна уюштуруп, анын жетекчиси, анан кошуна Өзбекстанга кетип, ал жакта колхоздун башкармасы болуп, дагы башка жооптуу кызматтарда иштейт. Эскерүүлөрдө, анын Өзбекстанга кетип калуусу тууралуу ар кандай айтылат, кээде алар азыр деле жарыялана калууда. Алар тарыхтын бүктөмдөрүндө калды, азыр алардын чын-төгүнүн эч ким аныктай албайт.1929-жылы басмачылар кайра баш көтөрүшкөндө ал кайрадан ыктыярдуу отрядын түзүп, Масловдун отряды менен 1932-жылдын аягына чейин алардын баарын талкалашат. Бирок, ошондон тартып ден соолугу кескин начарлап, экинчи топтогу майып болуп калат. Ага карабастан 1941-1942-жылдарда Таш-Көмүр менен Кетмен-Төбөнүн ортосундагы тоолордо дезертирлердин каракчы топтору пайда болгондо НКВДчылардын өтүнүчү менен аларга барып, бир нечесин тирүү кармап келет.
Улуу Ата Мекендик Согуш башталганда анын балдары, бир туугандары кан майданга кетишет. Ооган деген уулу учкуч-истребитель, Акматбеги оор артиллериялык расчеттун командири, үкөлөрдү Насир, Тургуналы, Юсуп десанттык бөлүктөрдө, Садык танкист, Акмат жөө аскер болуп согушка катышкан. Алардан- Садык, Ооган, Акматбек, Турсуналы, Назир баатырларча курман болушат. Эки баласынан, бир туугандарынан айрылуу ансыз деле ден соолугу начарлап бараткан Арстаналынын өзөгүн өрттөп, муун-жүүнүн кыркып кетет. Бирок, ошентсе да кайратын жыйнап, карманып жүрүп Улуу Жеңишти көрүп,1945-жылы 21-июлда жарыкчылыктан өтөт.
Чыгаан инсан, даңазалуу кызыл командирдин өмүрү алтымыш жашында ошентип аяктайт.
Алишер Молдокеев
Кайсыл жыл экени так эсимде жок, болжол менен 1982-1983-жылдардын бири болушу керек, иши кылып ошондо мен райондук гезитте иштечүмүн. Бир ирет Кара-Жыгачтык узун бойлуу, жашы сексенди чамаласа да өзүн түз кармаган, арык чырай кара сур аксакал келип, Алишер Молдокеевдин кантип өлгөнү жөнүндө айтып берген. Анын аты Байызбек болуш керек эле.
1931-жылы А. Молдокеевди басмачылар келип кармап кетишет. Ал тууралуу Шаки Жанузаков (спикер Н. Шакиевдин чоң атасы) минтип эскерет.«Мен 1917-жылы март айында ушул жерде туулганмын. 1931-жылдын октябрь айы болушу керек. Алишердин эшигинде чоң ордо аянты бар эле. Биз, балдар ордо атып жатсак, эл «басмачылар келатат» деп ызы-чуу түшүп калды.
Күн кечтеп калган. Алишер да атын токуп, эл менен качканга камдана баштады. Аңгыча төмөнтөн Байымбет, Кожобек деген, анан артынан Абдырахман калпа деген чыга келип Алишердин жанына туруп калышты. Удаа келген чепкенчен эки өзбектин ырайлары суук эле. Алар келгенде Абдырахман калпа ушу дегендей Алишерди сөөмөйү менен көрсөттү. Өзбектер чепкендеринин ичинен мылтыктарын алып чыгып, «колуңду көтөр» деп Алишерге кезешти. Алишер колун көтөрдү эле, бири түшүп келип, анын эки колун артына байлады. Балдар чуулдасак, бизди мылтык менен опузалап кууп жиберишти. Экөөлөп Алишерди атка мингизип алып жөнөшкөндө аялы чыңырган бойдон калды. Башка адамдар жок болчу, баары качып кетишкен».
Басмачылар Алишерди тоолорго аралатып алып кетип, элге «мурдагы кызыл командир Алишер да бизге кошулду» деп жайып жиберишет. Ал жалаа элге, бийликтегилерге толук жеткиче азыркы Кара-Камыш көлүнүн башында эки жумадай кармап туруп, анан: «эми сен кызылдарга кайра бара албайсың. Кармаган жерде атып ташташат, бизге кошулгуң келбесе, башың оогон жакта жүрө бер» деп коё беришет. Ошондон кийин ал үйүнө келе албай, алты айдай ар жактарда жашырынып жүрөт.