bannerbannerbanner
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

Папан Эргешович Дүйшөнбаев
Тарыхыбыздын көмүскөдөгү барактарынан. Илимий-популярдуу публицистикалык эмгек

Полная версия

Эми Алишердин өлгөнүн өз көзү менен көргөн Байызбек аксакалга кайрылсак, ал төмөндөгүлөрдү айткан:

«Биз Алишердин Таш-Көмүрдүн үстүндөгү Кара-Күңгөй деген жерде жашырынып жүргөнүн угуп, Арстаналы Осмонбековдун жетекчилигинде аны издеп жөнөдүк. Чын эле бир жылгада жашынып жаткан экен, бизди көрөрү менен атына секирип минип Ак-Суу тарапка качып жөнөдү. Артынан кыйкырып, аткылаганыбызга карабады. Чымчык-Жарга жеткенде атынан түшүп, кыбыланы карай чөгөлөп отуруп калды. Келмесин келтирди окшойт. Жакын келгенибизде ГПУнун начальниги Жумабаев маузер менен үч-төрт жолу атты эле, капталынан жыгылды. Дагы эки-үч аскер кылычтап жиберишти. Арттан жете келген Арстанаалы «өзү багынып берсе, муну мине аттыңар?» деп кейип-кепчип сөгүнүп калды эле, Жумабаев: «Неге сен басмачыны аяйсың? Сенин урук-туугандарың да басмачы! Айтмырза деген бир тууганың басмачы!«деп кыйкырды эле, маузерлерин бири-бирине кезешкен эки командирди араң ажыраттык».

Байызбек аксакал А. Молдокеевдин өлгөнүн көргөн менен кай жерге көмүлгөнүн билбейт экен же билсе да айткысы келбедиби, анысын билбейм. Ошентип бир түптүү журттун сыймыгы болгон адамдын кай жерге көмүлгөнү алиге чейин белгисиз. Анын кантип өлгөнү жөнүндө башка варианттар да бар, биз мында өз кулагыбыз менен укканды, Шакы аксакалдын жазып калтырганын гана келтирдик. Айрымдардын жазгандарында Алишер айылына басмачылар келгенин билбей калган, аны Байымбет деген айылдашы Буранадан чыккан атчандар содагерлер экен, Кара-Суу тарапка өтүп кетишти деп алдап койгондуктан, ал үйүндө камырабай отурганда капыстан басып калышкан, ал дубалда илинип турган маузерине да жеткенге үлгүрбөй калган, артынан бошоткону кууп барган 50дой адамды Кара-Суунун сайында «ок чыгарбагыла, өлсөм өлдүм, өлбөсөм кайра келем, балдарымды карагыла» деп кайтарып жиберген деп айтылат.

Алишер Молдокеев убагында чоң агартуучу, тамыр сөөктүк да жагы бар Арстанаалы Осмонбековдун эң жакын жардамчысы, басмачыларга каршы күрөштүн активдүү катышуучуларынын бири, өзү түзгөн отряддын командири менен бирге дивизионду азык-түлүктөр, курал-жарактар ж. б. менен камсыздаган интенданттык кызматынын да жетекчиси болгон. Анын отряды саруулардын экскадрону деп аталган. Арстанаалынын аялы Уулкан, анын үкөсү Юсуптун аялы Айчүрөк Алишердин аялы Байысканга таеже болушкан.

Алишер 1884-жылы Сыны айылындагы Молдоке бийдин үйүндө төрөлгөн. Анын атасы Токтоматов Молдоке динге аябай берилген, эки ирет ажыга барып, экинчисинде ошол жакта өлүп сөөгү Меккеде калган. Атасы аны жашында молдого окуттуруп, кат таанытат. Жылкы менен чоңоюп, жылкы менен өсөт. Атасынын жылкыларын өзү карайт. Жашынан алибеттүүлүгү, кубаттуулугу, ошол эле мезгилде чечендиги жагынан айрымаланып, тез эле эл оозуна алынат. Ал үйүрүнө кирип кеткен чоочун айгырларды кууп барып, куйругунан силккенде эки-үч ала салып кетчү экен. Ал эр жеткенде атактуу Нүзүп миңбашынын чебереси, таасири Аксы, Кетмен-Төбөгө тараган Сулайманкул болуштун кызы Байысканга ашык болуп, жуучу жөнөттүрөт. Сулайманкул болуш ага макул болбой, кызыбыздын кудалашкан жери бар деп коет. Андан көп өтпөй май айында Сулайманкул болуш чоң той берип, улак тартыштын баш байгесине дубанга атагы чыккан жоргосун жасалгалары менен саят. Анын улак дегени ичине туз толтурулган чоң ноопаз болгондуктан атактуу улакчылардын бири да аны ордунан жылдыра албай коюшат. Ошондо 43чү болуп Алишер чыгып, ноопаздын толорсогунан көтөрө жөнөгөндө аты очорулуп барып араң турат. Ноопазды болуштун алдына апарып таштайт. Ага тан берген Сулайманкул салт-санаага ылайык кудалап келишсе, кызын ага бергенге даяр экенин билдирет. Атактуу болуштун күйөө баласы катары Алишердин зоболосу дагы артат. Ал Ноодогу бир байдын тоюнда да Асанбек Кабаевдин карагер атын минип, бир да улакчы ээрдин кашына чыгара албай койгон улакка союлган ноопазды өңөрүп барып байгеге таштап, эки өркөчтүү ак буураны, үстүндөгү кымбат баалуу нерселер толтурулган кызыл куржуну менен кошо байгесине алып, төөнү А. Кабаевге, куржундагыларды улакчыларга таркатып берет.

1916-жылдагы элдик көтөрүлүшкө Аксы аймагындагылардын катышпай калуусунда Сулайманкул, Осмонбек болуштардын ролдору чоң болгон. Алар эл арасында: «биз ак падышага каршы чыккан менен элди кырдыргандан башка эч нерсеге жетишпейбиз. Андан көрө бер дегендерин берели, кан майданга кетип жатышкан жок, иштешкен жерлеринде маңдайларына сызганын көрүшөт» деген үгүт жүргүзүшкөн. Осмонбек болуш өз баласы Арстанаалыны биринчи тизмеге киргиздирген, азыр айрымдар ал ата менен баланын ортосундагы чатактан болгон ж. б. деп да жазып жүрүшөт, чындыгында болуш өз баласын арачалагысы келсе, пара берип деле куткарып калмак, ал убакта андай көрүнүштөр жетишерлик болгон, бирок болуштун баласы биринчи болуп ооруктук иштерге жөнөтүлүп жатканын көргөндөр анын ыктыярына көнгөнгө аргасыз болушкан.

1917-жылы кар бир жааган кеч күздө Сатыбеков Өмүрбек деген адам 200дөй адамды уюштуруп, жалаң орустар, украиндер жашаган Успеновка айылын чаап, көп адамдарды өлтүрүп, курал-жарактарын тартып алып, колго илингендердин баарын талап кетишет. Келе жатып Авлетим, Кара-Жыгач, Кожо-Ата, Кара-Суу айылдарындагылардын эгиндерин тартып алышат. Аны уккан Алишер Успеновканы көздөй чабат. Ал Андрей Власовдун отряды, өзү курагандар менен Сатыбеков Өмүрбектин басмачыларын Жүзүмжандын сайынан чыга бергенде курчоого алышып, басмачылар элчиге жиберилген жоокерди атып салышкандан кийин согуш башталып, 50дөн ашык адам өлөт. Андан аман калган басмачылар Сыныга мурда жетип Алишердин үй-жайын, короо-сарайларын өрттөп, тууганы Атамырзаны өлтүрүп кетишет. Кызыл аскерлер басмачылардын калгандарын ар жерден колго түшүрүп, Успеновкага алып барып элдин алдына тизип атып салышат. Же А. Молдокеев басмачыларга каршы күрөштү 1917-жылы декабрда баштаган.

А. Молдокеев 1918-жылы март айында айылында совет бийлигин колдогон топту түзөт. Ал убактагы окуяларга түздөн түз күбө болгондордун 1962-жылы жазып калтыргандарына ылайык (Карашакы Жайчиев, Алыбай Мураталиев, Кыдык Нуркеев ж. б.) Малгалды, Ак-Суу, Тегене айылдарынан басмачылар чыгып, алар совет бийлигин ачык колдогон Алишер Молдокеевдин айылын чапканы келишет. Бирок, Андрей Власов жетектеген аскерлер, Молдокеевдин тобундагылар аларды Кара-Жыгачтын тумшугунун жанынан тосушуп, көбүн өлтүрүшүп, колго түшүрүп, калганын Малкалдыга чейин кууп барышат. Ошондо качып кутулгандардын арасында Жуманалы болуш, Алибек болуштун балдары Субан, Мырзабек, Чолпонкул дегендер болушкан. Ал убакта А. Осмонбеков Белоруссиядагы ооруктук иштерде жүргөн.

1919-жылы жазында алар дагы А. Молдокеевдин тобун жок кылганы чыгышат. Аны Калманбетов Бийназар алдын ала билдирип койгондуктан Топонун көпүрөсү, Көк-Кыя деген жерден курчап, куралдарын тартып алып, өздөрүн жөө кое беришет.

Ал Арстанаалы Осмонбеков менен бажа катары мурдатан эле тааныш болгон. Экөөсү басмачыларга каршы күрөшүү боюнча алгач жолугушканда «сен көптү көрдүң, орусча да жакшы билесиң, жолуң улук, отряддын тышкы иштерин сен алгын, ички иштерине мен жооп берейин» деп макулдашат. Ошентип А. Осмонбеков бирикменин командири (ага бир нече отряд кирген, Аксы, Ала-Бука, Кетмен-Төбө, Таш-Көмүр, Чартак, Жаңы -Коргон, Чаткал аймактарындагы милициянын бөлүмдөрү да баш ийген), өзү азыркыча айтканда интенданттык кызматынын жетекчиси болуп калат.

1920-жылдын башталышында анын отряды Майлы-Сай, Дейрес, Кызыл-Жар, Иринжит, Бышкараң тараптардагы басмачыларга каршы согушка катышып, анда иниси Көкчө оор жарадар болот. Андагы басмачылар талкаланат.

1921-1922-жылдары Чаткал, Айгыр-Жал, Чапчыма, Ыдырыс Мазар, Жаңы-Базар, Кербен, Мамай, Нанай ж. б. тараптарды басмачылардан тазалоого активдүү катышат. Ошо согуштарда кийин Күжүрмөн Кызыл Туу менен сыйланган үкөсү бир бутунан ажырап, өмүр бою майып болуп калат.

1918-1923-жылдарда А. Молдокеевдин айылы кыргыз кызыл атчандар дивизионунун гарнизону, интенданттык борбору болгон. Ошол убакта жашагандардын жазып калтыргандарына караганда, дивизиондун отряддары Сыныга тынбай келип, кем-карчтарын толуктап, кайра кетип турушкан. Анын үйү штабга айландырылган. Кээде отряддардын баары чогулганда айылга аскерлер батпай кетчү экен.

1920-жылы Алишер Молдокеев казы болуп шайланат. Ошол убакта советтик сот менен биргеликте шарияттык сот да иштеген. Аны эл тарабынан шайланган же дайындалган казы жүргүзгөн. Анын өлүм жазасын чыгарганга да укугу болгон. Эл оозунда айтылгандарга караганда, ал бай-кедейине карабай, дайыма калыс чечим чыгарган. Ал казы болуп турган 9 жылдын ичинде бир да адамга өлүм жазасын чыгарган эмес. Ал ошол жылдары Намангандан Абдыжапар деген өзбек молдону усталары менен ээрчитип келип, Ак-Сай деген жерден жүздөгөн карагайларды өгүздөргө сүйрөттүрүп ташыттырып, Сыныга 500 адам бата турган чоң мечит салдырып, балдарды окуттурат. Совет мезгилинде Аксы аймагында андан чоң мечит болбогон. Алишер Намангандан үй-бүлөсү менен көчүрүп келген Абдыжапар деген молдо ошерде имам, анан элге эмчи-домчу, дуба салгыч, табып болуп жүрүп, 1975-жылы 90дон ашканда жарыкчылыктан өткөн. Мечитти 1941-жылы айылдык кеңештин кеңсесине, кийин китепканага айландырышып, каралбай тозуп кеткендиктен атеисттер 1968-жылы аны буздуруп, дубалдарын талкалап, жыгачтарын отунга таркатып жиберишкен. Андан бери жүз жылдан ашык убакыт өтүп, эли эселеп көбөйсө да Сыныга андай чоң мечит салына элек.

Анын отряды 1920-жылы Намангандагы аскердик парадга катышып, М. В. Фрунзенин колунан өз аты чегилген маузер жана кылыч алган. Атактуу коммунист жана аскербашы Э. Ф. Кужелого да ошерде жолугуп, бирге сүрөткө түшкөн.

1919-жылы июлда ал Намангандан гимназияны бүткөн, түбү Кочкордук Сармат Качикеев деген окумалды таап барып, Ачык-Алма, Төр, Кумбел жайлоолорундагы балдарды чогултуп, боз үйлөрдө, чатырларда балдарды окутканга киришет. Кыштоого түшкөндө ага Ормон дегендин кызын алып берип, үйүнүн бир бөлмөсүн мектепке берет. Анан агасы Алымкулдун Ак-Коргон деген жердеги басмачылар өрттөп кеткен үйүн оңдотуп, мектепке айландырат. С. Качикеевди ага аны менен Казанда бирге окуган Садыков Мыркыяс деген адам тааныштырган. Алар Мыркыястын Ташкенттик тагасы Ашымжан дегендин каты менен Уфадагы Галия деген жаңы ачылган окуу жайга киришип, бош убактарында курулушта иштеп жүрүшөт. Сарматтын колу сулуу болгондуктан ал курулуш мекемесинде көчүрмөчүлүк милдетти да аткарат. Бирок, биринчи дүйнөлүк башталганда Наманганга келишет.

 

Алгачкы жылдарда С. Качикеев анын үйүндө жашайт. Ыгы келгенде айтсак, С. Качикеев кийин Ленин ордени баштаган бир нече ордендер, медалдар менен сыйланып, Кыргыз ССР Жогорку Советине депутаттыкка да шайланган республикадагы атактуу педагогдордун бири болгон. Анын ысмы Аксы районунун борборундагы мурда өзү көп жыл директор болуп иштеген орто мектепке коюлган.

А. Молдокеев айылына шаарлардан көрүп жүргөндөй, Аксы чөлкөмүндө жок чоң мектеп салдырууну максат кылат.

Мектеп совет бийлигинин урматына «С» порумунда болушу керек деген сунуш киргизет ал. Эркиндиктин урматына «Э» порумунда болсо жакшы болот эле деп С. Качикеев өз сунушун айтат. Бирок, «Сга» да, «Эге» да окшоштура алышпай, «П» формасына токтолушат. Ошондо айылдагы күнөстүү дөңдөн мектепке жай тандап, сайдан узундугу 1, 5 метрдей ташты өңөрүп келип, мектептин пайдубалын биринчи өзү түптөйт. Элден теректерди кырктырып чогултуп, Кожо-Атанын ыстарчыны Мамаевге 200 карагай, Кара-Суунун ыстарчыны Эсекеев Күчүкбайга мектептин полу үчүн 100 арча кыйдыртып, өзү Намангандан өзбек-орусу аралаш отузга жакын уста таап барып, алардын жата турган жерлерин, тамак-аштарын да уюштурат. Алгач мектептин жогорку бөлүгү бүтөт, кийинки жылы ар бирине отуздан кем эмес бала баткыдай 20дан ашык окуу бөлмөсү, административдик жана кошумча жайлары менен бийиктиги эки кабаттай заңкайган имарат бүткөрүлөт. Аны курганга А. Молдокеев мамлекеттен бир тыйын жардам алган эмес, баардыгын элдин эсебинен, өзүнүн жыйнагандары менен бүтөрткөн.

1980-жылдарда ал жердеги чогулуштарга барып, катышып турчубуз. Анын курулгандыгына жарым кылымдан ашык убакыт өтсө да кеңдиги, класстарынын жарыктыгы жагынан жаңы мектептерден калышпай турган. Гарнизонго араба жүргүдөй жол, Капчыгайдын оозуна, Кара-Жыгачтын оозуна көпүрө да салдырып, Сыныга канал каздырып, жээктерине бак-дарактарды отургузат. Ага чейин айылдагылар жүгөрү менен таруу өстүргөндөн башкасын билишпесе, жаңы жерлерди өздөштүрүп, буудай септирет. Ошондо аймактагылардын көбү буудай нанды биринчи көрүшөт.

Пас тараптан Абдылдажан Балтабаев деген өзбекти таап барып, элге пакса уруп, сынч согуп там салганды, картошка, шалгам, сейдене, коон-дарбыз сыяктуу ж. б. бакча-жашылчаларды эккенди үйрөттүрөт. Адегенде айылдагы кемпир-чалдар аларды «бул доңуздун оокаты» деп жешкен эмес.

А. Молдокеев салдырган мектеп 1950-жылдардын аягына чейин райондогу эң чоң жай катары эсептелип, жыйындар, чогулуштар, мугалимдердин кеңешмелери ошерде өткөрүлүп турган. Же А. Молдокеев алакандай айылын райондун маданий борборуна айландырган. Кийинчерээк анда жатак мектеп да ачылып, Эл жазуучусу Т. Касымбеков, партиялык ишмер М. Сыдыков сыяктуу бир катар белгилүү инсандар ошерде орто билимге ээ болушкан.

Ал көзөмөлдөгөн айыл-кыштактардан бир да басмачы чыккан эмес. Анын отрядынын өзөгүн Молдокеев Аалы, Нуркеев Кыдык, Жанузаков Көкчө, Мүзүров Садык, Чомошев Чонду сыяктуу жакын туугандары, тааныштары түзгөн. К. Нуркеев, К. Жанузаков, С. Мүзүров басмачыларга каршы күрөштө көрсөткөн эрдиктери үчүн ошол убактагы Союздагы эң жогорку сыйлык- Күжүрмөн Кызыл Туу ордени менен сыйланышкан.

Деникинге, Бухара хандыгына каршы согуштарга катышып, кийин НКВДынын жергиликтүү маанидеги органдарын жетектеген Таластын Ленин-Жолу районунун Баркы-Арык айылында жашаган Турсалы Садырбаев 1960-жылдын 8-январындагы кол жазмасында Алишер Молдокеевдин басмачыларга каршы согуштагы орду жана ролу жөнүндө төмөндөгүлөрдү айткан. Анын кол жазмасы өтө эле узун болгондуктан сөзмө сөз эмес, кыскача мазмунун гана келтиребиз: «1919-жылы 16-декабрда Маргаланда Калкожо, Раманкул, Атагозу, Эргеш, Мойдун жетектеген басмачыларга каршы согуштук. Ал согушка жүз жигити менен Алишер да катышты. 1920-жылы (?) жайында Аман палбанды кармап, төрт күн элди кыдыртып, анан ташбараңга алдыртып өлтүрткөндө Алишер да кошо жүрдү. Арстанаалы Осмонбеков ал жерде болгон эмес. 1921-жылы мага жүз огу менен мылтык, кылыч берип аскерден бошотушканда айылыма келип, Талас боюнча УРОнун начальниги болуп иштедим. Ошол жылы болуштукка шайланганы жаткан коммунист Мадини Баяс, Султандын Төрөбек, Абылкасым жетектеген басмачылары өлтүрүп кетишти. Биз алардын артынан кууп жетпей калдык. Чимкенттен Павел Николаевич деген комиссар 200 солдаты менен келгенде 36 милиционер аларга кошулуп Чаткалга аштык. Ал жерде жүргөн Арстанаалы Осмонбеков ар шылтоолорду айтып, чабуулду 20 күнгө кечиктирди. Өзү бизге кошулбай койду. Негедир Баяс, Султандарды аягандай болду. Ошондон пайдаланып Баяс, Султан, Курман баштагандар качып кетишти. Алишер Молдокеев 180 жоокери менен келди эле, Павел Николевич ага Баясты кармап келүүнү тапшырды. Асанбек Кабаев анын орун басары экен. Биз аларга кошулуп Чаткалда төрт жагынан курчоого алып, бир нече күндүк согушта 350дон ашык басмачыны өлтүрүп, Султанды 21 жигити менен туткундап Чаткалдан алып түшкөнүбүздө Алишер 58 жоокерин алып калып, калганын үйлөрүнө жөнөттү. Баясты Кокондо кармаганыбыздан кийин Асанбек Кабаевди баш кылып калган жоокерлерин да кетирип, өзү 12 адамы менен Баяс, Төрөбек, Абылкасым деген корбашыларды Ташкентке жеткирип келди. Ал Наманганда калды, мен Таласка кеттим».

1920-жылы Кызыл-Жар тараптан чыккан Назаралы деген корбашы А. Молдокеевге «жарашалы, элчи жибер» деп кабар айттырат. А. Молдокеев аны менен сүйлөшүүгө бир тууган үкөсү Аалыны жиберет. Аалы сүйлөшүп бүтүп, кайра жөнөгөндө Назаралы аны аттырып таштайт. Аны уккан Алишер Назаралынын басмачыларын артынан сая түшө кубалап, баарын жок кылат. Аалыны аткан Мүзүралиев Асылбек дегенди өз колу менен мууздайт. «Элдешели, сүйлөшөлү» деп чакырып, жок кылуу басмачылардын сүйгөн ыкмаларынан болгон. Бир убакта А. Молдокеевге чоң жардам көрсөтүп, уезддик бийликтен ыктыярдуу отряд түзүүгө уруксат алып берип, курал-жарактардан да жардам көрсөткөн Андрей Власов да Аман палбанга ошентип алданып өлгөн.

1922-жылы күздө А. Молдокеевге Рахманкул корбашы 2 миңдей басмачысы менен айыл-кыштактарды талап-тоноп, партиялык, советтик активдерди өлтүрүп, Коконго келатат, тез барып, шаардын түштүк жагын коргогула деген буйрук келет. Ал саруу эскадрону деп аталган өз отряды менен Рахманкулдун басмачыларын талкалоого, аны колго түшүрүүгө катышат. Ошол жылдын аягына чейин отряды менен Карабай, Акмат, Акматбек, Жармат, Эшмат бай, 1923-жылы Чуст, Ала-Бука, Чаткал тараптардан чыккан Байтуман, Курманалы, Шааботоев Султан Нойон, Станбек, Жоробек деген корбашылардын басмачыларын талкалап жок кылууга чоң салым кошот. Басмачылардын арасында өзбек менен кыргыздардан сырткары түркмөн, ооган, перс улутундагылар, европадан келгендер да болгон. Алардын өлүктөрүнүн арасынан кээде жүздөрү ак, чачтары сарылары да табылчу экен.

Дагы Турсалы Садырбаевдин кол жазмасына кайрылсак, ал өз баянын минтип жыйынтыктаган:

«1930-жылы мартта Кадырбай, Сүйөркул, Эркинбек, Чотон корбашылар баштагандар Таластын түрмөсүндө жаткандарды бошотуп, Кантондун аткаруу комитетинин төрагасы Чыналиев Мусабекти, профкомунун төрагасы Наматбеков Канатты, партиянын канткомунун бөлүм башчысы Федоровду өлтүрүп Аксыга качып кетишти. Ал басмачыларды Алишер Молдокеев, Кабаев Асанбек жетектегендер кармап, бизге алып келишкенде чоң той өткөрдүк.

Кийин А. Осмонбеков Абдылмечит, Чолпонкул, Мырзабек, Абдрахман калпа дегендерди уюштуруп, Кызыл-Жар районунун прокурору Жоошбай Алдосовду, райаткаруу комитетинин төрагасы Маат Базаралиевди, райкомсомол комитетинин 1-катчысы Арзыбек Абдыкалыковду өлтүртүп, анан Алишерди байлаттырып Түрдүктөгү токойлорду аралатып алып кетип, «Алишер басмачыларга кошулуп кетти» деп жарыялатыптыр, ал тууралуу баракчалар Кокондун көчөлөрүнө чейин илиниптир деп уктум. Чындыгында Алишер басмачыларга кошулган эмес, аны ошентип жаманатты кылышты, ал окуяларды жакшы билген Коңколой деген адам чындыкты бийликтегилерге, элге жеткиргенге аракет кылды эле, аны Аркытта аттырып салышты.

Мен Жүзүмжанда көп жашадым, аялым ошерлик. Ошондуктан ал жакта болуп жаткандарды жакшы билем.

Асанбек Кабаев Арстанаалы Осмонбековдун бир тууган жээни болчу. Арстанаалы тымызындан басмачыларга жардам бергенин билип калып, аны бирөөлөргө айтканы үчүн эки ирет анын куралын алдыртып жазалаптыр деп уккам».

Алишер Молдокеев 1919-жылы ЧКнын тергөөчүсү болуп иштеген Иманалы Айдарбеков менен таанышып, бир нече күн бирге жүрүп, ымалалары ысык болуп калат. Эскерүүлөрдө, А. Молдокеев түздөн-түз И. Айдарбековдун жолдомосу менен казы болгону айтылат. Ал 1924-жылы Ревкомдун төрагасы болгондо аны Кетмен-Төбөгө да казы кылып дайындатат. Ал эми 1925-жылы ал Ташкентке ККАОнын өкүлү болуп кеткенде А. Молдокеев ага барып жолугушуп, айрым маселелерин чечтирип турат. Кийин Жогорку Соттун төрагасы болуп турган Иманалы Айдарбеков Алишер басмачы болуп кетиптир дегенди угуп, ага ишенбей, кайдан болбосун таап, бул жерге алып келгиле, өзүбүз териштиребиз деп тапшырма берет. Алишердин өлгөнүн уккандан кийин ГПУнун башчысы А. Жумабаевди каматып, райондун жетекчилерин иштен алдыртат.

Алишердин басмачыларга кошулуп совет бийлигине каршы согушканы жөнүндө бир да факты жок. Ал убакта жаман ойлуулар атаандаштарын «басмачылардын тыңчысы, агенти» деген жалаалар менен жок кылып турушканы чындык.

Мезгил өткөн сайын саясий, идеологиялык императивдер, стеоротиптер алмашат, көз караштар өзгөрөт, жаңы документтер табылат дегендей, тарыхый окуяларга карата мамилелер өзгөрүп турат. Азыркы саясий өңүттөн алганда, А. Молдокеевдин басмачыларга кошулганы же кошулбаганы эч кандай роль деле ойнобойт. Биринчиден, басмачылык кыймылга карата да мамиле өзгөрүүдө, айрымдар аны көз карандысыздык үчүн күрөштүн бир кыймылы катары карашууда, анда да аздыр-көптүр чындыктын үлүшү бар. Экинчиден, ал басмачылык кыймылга өз ыктыяры менен кошулган күндө деле анын аймакта совет бийлигин орнотууга, маданий агартуучулук иштерине кошкон салымын жокко чыгара албайт. Ал адашкан фигура болгон күндө деле мезгилинде эл үчүн көп иштерди жасаган адам бойдон тарыхта калат.

Жамаатташтырууну, оокаттууларды кулакка тартууну жан дүйнөсү менен кабыл алгысы келбей, совет бийлигинин көп иштери жакпай бараткан А. Молдокеев кутумдуктун курмандыгы болгонбу же чындап эле ичинен басмачыларга жан тарта баштаганбы, аны азыр так айтуу кыйын. Бирок, андагы окуяларга аралашып жүргөндөрдүн 1960-жылдардын башталышында берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, ал басмачыларга өз ыктыяры менен кошулган эмес, аны зордоп байлап кетип, жаманатты кылып, элден чыгарып, совет бийлигине жаман көрсөтүшкөн.

1960-жылдардын башталышында А. Молдокеевди реабилитациялоо аракети болгон, ал үчүн кызы Мария, тууганы Айтмырза Чотонов, А. Шабданов баштагандар көп документтерди чогултуп, көп аракеттерди жасашкан менен ал ишке ашпаган. А. Осмонбековдун ысмы тарыхта алгачкы кызыл атчандар дивизионунун командири деген ореолдо түбөлүккө калса, Алишер Молдокеев алгач кызыл командир болсо, кийин басмачыларга кошулуп кеткен делинип жаманатты болуп кала берген. Кыргыз кызыл атчандар дивизионунун иштери жөнүндө айтылганда, жазылганда андагы экинчи адам болгон Алишер Молдокеев таптакыр айтылбай келген. Жарым кылымга жакын аны унутуп, биротоло тарыхтан өчүрүү аракеттери болду, бирок кагаздардан өчүрткөн менен элдин эстутумунда, аң сезиминде эмгеги, инсандык жакшы сапаттары менен калгандарды өчүрүүгө мүмкүн эмес экен, көз карандысыздыктын алгачкы жылдарында эле өзү курдурган мектепке ысмы берилип, музейи да уюштурулду. Мында ага аракет кылгандардын бири Айтмырза Чотонов убагында 1916-жылдагы кыргынга күбө болгондордон маалыматтарды чогултууда да көп иштерди жасаганын кошумчалай кетүү зарыл.

Алишер өлгөндөн кийин жарым түндө анын үйүнөн жарык чыгып жатканын көрүп Чүкөтаев Ташбай деген деген адам аңдып барып, Арстаналы Осмонбеков төрдө отуруп алып, таңгакталган кагаздарды бирден карап, бирин бөлүп жанына койсо, экинчилерин отко ыргытып жатканын көрөт. Жанында Мырзабек болуш, Чолпонкул, Амантай деген адамдар болот. Кемегедеги казанда бир нерсе кайнап, Алишердин аялы бурчта ыйлап отурат. Аны эки аял соорото албай жатышат. Чүкөтаев Ташбай деген адам, көңүлүнө: «Алишерди атайылап өлтүртүп, эми изин биротоло тазалагысы келип жатса керек» деген ой келгенин жазган. Арстанаалы бир нерсе айтып, колун жаңсаганда, Амантай сыртка козголот. Т. Чүкөтаев алыстап качканга шашат.

Андан кийин Байысканды бир нече адамга кошуп Сарай деген жерге ээрчитип барышып, мына сенин эриң деп бир адамдын кылычтанып, таанылгыс болгон өлүгүн көрсөтүшөт. «Бул Алишер эмес» деп бир адам айтса, аны ГПУнун чоңу Жумабаев кылычтын сырты менен тартып жибергенде ал “ ооба, Алишердин өлүгү экен» дегенге аргасыз болот. Байыскан «бул сарт экен, менин эрим эмес» десе Жумабаев нагандын арты менен ээсин оодара коет. Ошондо Арстаналы Осмонбеков Байысканга «менин эрим деп кутулбасаң, сени да бала-чакаң менен жок кылышат» деп шыбыраганда, ал “ ооба, менин эрим”деп кутулат. Ошентип, Жумабаев бир нече күн мурда атып, кылычтап салган каракчы өзбектин денеси «Алишердин сөөгү» делинип Өзбекстандын Сарай кыштагына коюлат. Анын өзүнүн денеси кайда калган? Неге анын өлүгүн жашырышкан? Байызбек аксакалдын айтканына ылайык, А. Молдокеев Чымчык- Жарда өлтүрүлсө, ал кайдан Сарайга алынып барылат?

 

Т. Чүкөтаевдин эскерүүсүнө ылайык, басмачылык кыймылдын экинчи толкуну менен А. Молдокеевдин көзүн тазалоо аракеттери күчөйт.1926-жылы түндө аны Кабактын-Дөңүндө кармап алышып, колу бутун байлап жатканда Чомошов Чонду баштаган аскерлер жете келип куткарып калышат. Аны уюштургандар түн жамына качып, андан ары Өзбекстанга кирип кетишет. 1928-жылы Мадияр баштагандар анын колу-бутун таңып, Мырзабек болуштун мечитине апарып, эки колун кере байлап ташташканда сынылыктар түп көтөрүлө барышат. Ошондо Мадияр үкөсүнө; «муну бул жерде өлтүрсөңөр, менин күлүмдү асманга сапырышат» деп бошоттуруп жиберет.

А. Молдокеевдин ысмы кызыл командир, алгачкы агартуучу катары гана эмес, дубанды жарган улакчы, адамдар арасында сейрек жаралган балбан катары да даңаза болуп айтылып келет. Аны замандаштары атактуу улакчы, балбан катары да жакшы билишкен.1925-жылы июнда Тоскоол ата (азыркы Сары-Челек) жайлоосунда Рапкан деген адам баласына той берип, Аксы, Талас, Чат-кал, Ала-Бука аймагындагы улакчылардын баарын чакырат. Улак азыркы Кыла көлүнүн жээгинде болот. Найман болуштугунун мурдатан анын сырын билгендери улакчан келаткан Алишердин алдын көлдүн жээгинде тороп, өткөрбөй коюшканда ал Тайкүрөң атын көлгө салып жиберет. Ал аты менен Кылага кирип кеткенде эл ызы-чуу түшүп калат. Бирок, аты менен көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, улагын Сары-Камыштын башындагы маарага алып барып таштайт. Ошондо Тайкүрөңдүн көлдөн башы гана көрүнсө, Алишер белине чейин сууга батып баратканы эсимде, деп жазган кийин Шадыкан деген адам.

Ал жактырбагандарынын колун катуу кысканда манжаларынан кан сызылып кетчү экен. Азыр Кабактын-Дөңү деген жерде бийиктиги адамдын көкүрөгүнөн келген «Алишердин ташы» деген чулу таш бар. Көргөндөр жазып калтыргандарга ылайык, 1927-жылы Султанбек деген уулдуу болгондо ал Намангандан керней-сурнайчыларды, маскарапоздорду чакыртып, чоң той берип, анан Кабактын-Дөңүнүн жайыгындагы чоң чулу ташты кыл чылбырларга таңдырып, «ким ушуну ээринин кашына чейин көтөрсө, тигил кара кашка кунанды байгесине алат» деп жарыялайт. Башкалар түгүл элге атагы чыккан Жедигер, Кайып деген балбандар да аны көтөрө албай коюшкандан кийин Алишер өзү ал ташты эңип алып, өңөрө бир айланып келип, кайра ордуна коет. Ал таш азыр да бар, Кожомкулдун ташына жетпеген менен 250—300 кило чыгат болушу керек. Ошондо тойго катышкан Алымкул ырчы:

 
Топтой кылып өңөрдүң,
Балбандар козгой албаган чоң ташты.
Тоюңа келген Таластык
Туугандарың кубандык.
Аксынын даңкын чыгарган
Кара кылды как жарган
Адамдан артык жаралган
 

Бар болгун, баатыр Алишер! -деп дагы башка көп ырдаганы алиге чейин айтылып келет. Анын калыстыгы, балбандыгы, чечендиги, чукугандай сөз тапкычтыгы жөнүндө эл оозунда айтылгандар, жазылгандар абдан көп, бирок трагедиялуу инсандын бейнеси жөнүндө түшүнүк алганга ушул жагы деле жетишет деп ойлойбуз.

Биздин бул китепке эки кызыл командир жөнүндө баянды киргизгенибиздин себеби, ар кандай ири өңкөрүш-төңкөрүштөрдөй эле, Улуу Октябрь революциясы, андан кийинки окуялар элибизге прогрессивдүү жакшы нерселерди алып келген менен көптөгөн чыгаан мекендештерибиз үчүн трагедия болгондугун да эстерине салгыбыз келди.

Эки командирдин трагедиясы эмнеде?

Советтик саясий, идеологиялык трафереттерге ылайык, бир адам баатыр, коммунисттик идеологияга берилген деп табылса, анын кемчиликтерин, инсандык айрым терс сапаттарын, адамдык кулк-мүнөздөрүн, ал эми клишелик терс каарманга айлангандардын эл, мамлекет үчүн жасаган пайдалуу иштерин, адамдык жакшы сапаттарын айтканга, жазганга уруксат берилчү эмес. Идеологиялык догма боюнча, алар бир түстө же ак, же кара түрүндө гана көрсөтүлүшү керек эле. Алсак, 1917-жылдын октябрындагы Смольныйды штурмалагандарды В. Ленин эмес, Л. Троцкий жетектегенин, анда штурмга катышкандардан бир деле адам өлбөгөнүн, же большевиктер жерде тоголонуп жаткан бийликти эңип алышканын Союз таркагандан кийин билдик. Орус тарыхнаамасында тарыхый инсандардын иштерин, адамдык сапаттарын ар жагынан ачып берүү мурдатан салт болгон менен советтик мезгилде аларды тар чөйрөдөгү адистерден башкалар билген эмес. Алсак, Россиянын Петр-1, Екатерина-2, Иван Грозный сыяктуу даңазалуу тарыхый инсандарынын мүнөздөрүн, кылык-жоруктарын, жүрүм-турумдарын ж. б. реалдуу ачып берген В. О. Ключевскийдин эмгектери түгүл, ага салыштырганда фактыларды констатациялоосу менен айрымаланган Н. Карамзиндин эмгеги деле совет мезгилинде кайра басылган эмес. Биздин тарыхнаамабыз да советтик мезгилдин инерциясы, ал мезгилге мүнөздүү стереотиптер менен келе жатат. Маселен, А. Сыдыковдун, Ж. Абдрахмановдун, Э. Арабаевдин иштеринде кемчиликтер, а түгүл кээде деструктивдүү көрүнүштөр (Ж. Абдрахманов баштагандардын Уюштуруу Курултайына бойкот жасаганы) да, ал эми Р. Худайкуловдун Д. Бабахановдун иштеринин позитивдүү (Р. Худайкуловдун ККАОнун советтеринин Уюштуруу Курултайын аягына чыгарууну колдогону) жактары да болгон. Алар айрым эмгектерде кыйыр түрдө маалымдалган менен ачык айтылып, талдана элек.

Жогоруда айтылгандай, Аксы аймагында басмачылык кыймыл 1917-жылдын акырында Арстаналы Осмонбековдун бир туугандарынын, жакындарынын демилгеси менен башталып, алар биринчи кезекте совет бийлигин ачык колдоп чыккан Алишер Молдокеевди жок кылууга багытталган. Бир нече жолу салгылашып, аларда кызыл аскерлердин колдоосу менен А. Молдокеев жеңген.

Арстанаалы Осмонбеков 1918-жылы Белоруссиядан келгенден кийин туугандарынын баарынын эки кончторун бир буттарына тыгып, кызыл аскерлердин катарына айдап киргизген менен ошондон калган кара так, тымызын ич келишпестик, жылдан жылга күчөп гана отурган. Ал биздин улуттук менталитетке сиңип калган нерсе. Жакындарына ыдык көрсөткөндөр менен жарашышы мүмкүн, бирок аны биротоло эч ким кечирбейт, унутпайт.

Арстанаалы Осмонбеков менен Алишер Молдокеев бир максатты-совет бийлигин орнотуп, бекемдөөнү гана көздөшкөн, андан өмүрлөрүн да аяган эмес, бирок ыкмалары, айрым конкреттүү корбашыларга, басмачыларга карата мамилелери ар кандай болгон. Анткени, аймактагы бийлерди, болуштарды, байларды, молдолорду, байларды аталарынан тартып өздөрү да жакшы билишкен, көбү менен катташып, айрымдарынын балдары менен курдаш болуп, аш тойлордо бирге көңүл ачып жүрүшкөн. Чиеленишкен тамыр-сөөктүк жактарын айтпай эле коёлу. Турсалы Садырбаевдин (чыныгы аты Турсуналы, документине орустар Турсалы деп жазып коюшкан) Чаткалда Арстанаалы Осмонбеков басмачыларга чабуулду кечиктирип туруп алды дегенин ушуну менен түшүндүрсө болот. Ал Баяс менен Султан баштагандарды мурдатан билсе, алар адам катары жакшы пикир жаратса, албетте, анын алардын атылып же чабылып өлгөнүн көргүсү келбесе керек. Аксы, Ала-Бука, Чаткал, Наманган аймактарынан чыккан корбашылардын көпчүлүгүнүн ата бабалары, туугандары Осмонбек болушка, Молдоке бийге, Сулайманкул болушка да тааныш болушкан. Эски тааныштарын аяп, сүйлөшсөк, ыктыярлары менен багынышса, жандары аман калса дегендир. Ошол окуяларга аралашып жүргөндөрдүн айрымдарынын А. Осмонбеков кээде айрым корбашыларды тымызын эскертип, курал-жарактардан да кайрылышып турган дегендери да жөн жерден чыкпагандыр. Жазылгандарга, айтылгандарга караганда, андай дилеммага келгенде Арстанаалы Осмонбеков өтө этияттыкта аяр мамиле жасап, айрымдарын адам катары аяп да турса, ага салыштырганда Алишер көп учурда балбандык мүнөзү менен алды артын карабагандыгы менен айрымалангандай. Ошондон улам сырттагылардан гана эмес, жакын туугандарынын арасынан да нааразыларды көбөйтүп алгандай байкалат. Ал командирликтен түшүп, казылыктан да кетип, үйүндө М. Фрунзе берген жалгыз маузери менен отуруп калганда аталаш туугандары Мамыт, Тойтук дегендер, убагында Айтмырза Чотонов жазгандай, «колуңдан келип турганда, бизди карабадың эле, эми көрөр күнүң ушу экен го» деп жөн жерден табалашпаса керек. Аны байлап кеткендердин башында жүргөн Абдымечиттин ага биротоло кастарын тигип калгандыгынын себеби, бир убакта ал анын тууганынын аялын бир жигитине алып берип койгон дешет. Кыргызда мындай нерседен чыккан ыза, кек саясий, идеологиялык мотивдерден да күчтүү болору талашсыз. Троян согушу деле бир аялды талашкандан келип чыккан. Алишер өлгөндө Абдымечит анын аялын өзү алганга да аракет кылган, бирок ага А. Осмонбеков жол бербеген дешет. Мына ушундай, дагы башка көркөм чыгармада гана ийине жеткириле тургандай чечиле турган моралдык, психологиялык чиеленишкен нерселер эки кызыл командирдин ортосундагы тымызын араздашып, тирешүүлөрдү курчутуп отуруп, жогоруда айтылгандардай чекке жеткиргенин баамдоого болот.

1  2  3  4  5  6  7  8  9  10  11  12  13  14  15  16  17  18  19  20  21  22  23  24  25  26  27  28  29  30  31 
Рейтинг@Mail.ru